Menu

ТИМдин имаратынын алдына Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер тынчтык митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына Россиянын жогорку окуу жайларынын 1-курсунун студенттери тынчтык митингине чыгышты.

Студенттер Россияга кетүүгө окуу негиз болсун деген талап менен чыгышты. Студенттер чартердик рейске бир учак бөлүп берүүнү суранышат.

Митингге чыккандардын арасында Россиянын ар кайсы шаарларындагы: Санкт-Петербург, Пенза, Казань, Новосибирск, Москвадагы университеттерде окуган студенттер бар.

“Эгерде биз экзаменге катышпасак, 100 миң рублдан ашык контракт төлөгөнүбүзгө карабастан, бизди автоматтык түрдө окуудан чыгарып салышат. Ар кимдин контрагы ар кандай болот, мисалы меники 500 миң рубль” – дейт митингге катышкан студент.

Студенттер өз талаптарын тышкы иштер министрине жөнөтүшөрүн айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: