Menu

Тажикстанда күйөөсүн Орусиядан кайтаргысы келген аял 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени өзү сайган

Бөлүшүү:

Тажикстандык аял күйөөсүн Орусиядан кайтаруу үчүн 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени атайын киргизүүгө шектелүүдө.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, 27 жаштагы Рудаки районунун тургунуна карата “Адам өмүрүнө оор зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Буга чейин Душанбедеги Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экенин аныкташкан. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болгон. Дагы төртөө баланын ичинде калган.

Операцияга катышкан дарыгерлер ийнелерди бала өз алдынча жутуп албаганын, анткени анын ички органдары жабыркабаганын белгилешкен. Дарыгерлердин айтымында, ийнелердин экөө – жөнөкөй, экөө кийим тигүү машинасыныкы, дагы экөө белгисиз курч металл болгон. Алардын айрымдарын дат басып кеткен.

Мудассир Каримов – Рудаки районундагы Конституция кыштагында жашаган үй-бүлөнүн экинчи баласы. Анын атасы чет өлкөгө иштегени кеткен, апасы балдары менен үйдө отурган. Операцияга чейин бала өзүн кадимкидей эле алып жүргөн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: