Menu

Видео – Давид Эйделман, саясый технолог: “Атамбаевдин сөздөрү политологиянын предмети эмес, ал саясый психопаталогия же саясый психиатриянын предмети”

Бөлүшүү:

Александр Гур-Арье: Эфирде ИТОН ТВ телеканалынын “Күндүн темасы” берүүсү, алып баруучу мен – Александр Гур-Арье. Кыргызстанда демократиялык шайлоолордун (ушинтип айтып жатышат) натыйжасында бийликке жаңы президент Сооронбай Жээнбеков келди. Ага мурунку президент кандай мурас калтырды жана кетип жаткан президент, башкача айтканда “чолок өрдөк” түзүп кеткен өтө татаал ситуацияны Жээнбеков кантип жөнгө салат? Бул темада биз белгилүү саясый технолог Давид Эделман менен маектешебиз. Давид, Алмазбек Атамбаев өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбековго эмне мурас калтырды?

Давид Эйделман: Алмазбек Шаршенович Атамбаев өтө колориттүү инсан…

Александр Гур-Арье: Ооба, аны баарыбыз байкадык…

Давид Эйделман: Мындай бир тамаша бар, англис джентелмени коштошпой туруп кетет, еврей коштошот бирок кетпейт, ал эми кыргыз Атамбаев коштошорунда алы жеткендин баарын талкалап-бузуп кетүүгө аракет кылды. Образдуу айтканда гүл өстүргөн карапалардын кол жеткенинин баарын талкалады. Анын башкаруусу учурунда Атамбаев Кыргызстан менен кызматташкан бардык мамлекеттер менен урушуп чыкты. Бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрдү жасап жүрдү…

Александр Гур-Арье: Казакстан менен да жаңжалдашты…

Давид Эйделман: Ооба, Казакстан Кыргызстандын эң жакын коңшусу, көп маселелер боюнча патрону, Кыргызстандагы көп маселелер Казакстан менен болгон мамилеге байланыштуу чечилет. Атамбаев алар менен да урушуп, өзүнүн өлкөсүн блокада кылганга жетишти. Нурсултан Назарбевдин жеке өзүн кемсинткен акараат сөздөрүн айтты… Дегеле Атамбаевдин чечендик искусствосу, айткан сөздөрү бул политологиянын предмети эмес, эгер саясый психопаталогия деген же саясый психиатрия деген илим болсо ошол илимдин предмет болмок…

Александр Гур-Арье: Бул жерге “саясый” деген сөздү кошуш керекпи?

Давид Эйделман: Баары бир анын айткандары саясат тууралу болуп жатат да, мен ошондон улам “саясый” деген сөздү кошуп жатам… Тилин тарта албаганы бул анын кемчиликтеринин бир чети эле, анткени ал өз өлкөсүнүн ичинде да ага каршы оппоненттер пайда болсо аларды “накта адам этин жегичтер!”, “моралдык жексурлар!”, “бузукулар! деген сыяктуу көптөгөн кемсинтүүлөрдү пайдаланган. Бул анын өлкө ичиндеги чечендик искусствосу болучу…

Александр Гур-Арье: Ал ушундай жол менен өзүн күчтүү инсан катары көрсөткүсү келгенби?

Давид Эйделман: Ооба…  дагы башка бир тарабын алсак, Белоруссияда бир кыргыз криминалдык авторитетин өлтүрүп кетишкенде, эми мындай окуялар боло берет да, Израилдик криминалдык авторитеттерди деле ар жерде өлтүрүп кетип жатышпайбы, бүт дүйнө жүзү боюнча мындайлар болуп турат да… Израилдик саясатчылар деле тигил же бул криминалдык авториттер менен байланышы бар экени билинип турат… Албетте бул өкүнүчтүү факт. Бирок Кыргызстандын президенти Атамбаев ал окуядан кийин “Белоруссиянын көчөлөрүндө уурулар, адам өлтүргүчтөр жүрүшөт!” деп кыйкырып чыкты. Белоруссия менен такыр эле байланышы жок, жат өлкө сыяктуу негизсиз эле айыптап жатты. Бирок, алар ошол эле Бажы союзу боюнча эң жакын өнөктөш болуп жүрүшпөйбү? Ушундай эле чечендикти ал Россияга каршы да 2-3 жолу пайдаланды. Акырында ал Америкага демократияны үйрөтүүнү чечти… Акыркы президенттик шайлоо таза болгон жок. Бирок Кыргызстанды мактай турган жагы да бар, мисалы Борбордук Азияда биринчи жолу тирүү президенттин колунан тирүү президентке бийлик тынч жол менен өттү. Бийликтен кеткен президент өлкө ичинде тирүү жүрөт. Бирок шайлоо таза өткөн жок, муну америкалыктар да байкашты. Американын Россиядагы экс-элчиси Кыргызстандагы шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирип жазып койсо Атамбаев айкырып чыкты. Биринчи сөзү андан мурун болгон, америкалык “Тайм” журналына интервью берип “Силер биринчи өзүңөрдү күзгүдөн карап алгыла, силерде демократия али өнүгө элек…” деп чыкты. Америкалык экс-элчинин сөзүнөн кийин дароо “Америкада демократия жок, мына шайлоонун жыйынтыктары боюнча алигиче талаш болуп жатканы демократиянын жоктугун далилдейт. Америка акчасын туура эмес иштетет, Америка акчасын кайсы бир база куруу үчүн Өзбекстанга берип жатат, эгер чыныгы демократияны жактаса Кыргызстанга бериши керек эле” деп айтты. Атамбаев Американын акчасын кантип коротушту жакшы билет экен.

Александр Гур-Арье:  Менин оюмча Атамбаевдин Америкага кантип жашашты үйрөткөнүнө караганда казак президенти Назарбаевди кемсинткени маанилүүрөөк болсо керек…

Давид Эйделман: Ооба, казак-кыргыз бул бир тууган эл, тилдери аябай окшош, байланыштары бекем, ошондуктан алардын касташуусу бул коркунучтуу. Ошондуктан Назарбаев аябай таарынды… Ошон үчүн Кыргызстан ал таарынычтын кунун аябай кымбат төлөдү.

https://www.youtube.com/watch?v=Zarp-0UUaCs&feature=youtu.be

Израилдик ИТОН ТВ телеканалынан кыскартып кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: