Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун объектилеринин III ДКО өткөрүүгө даярдыгын көзөмөлдөдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун объектилеринин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүүгө даярдыгын көзөмөлдөдү.

Атап айтканда, Өкмөт башчы Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду, Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосун көрүп, Семеновка-Григорьевка альтернативдик унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, ипподромдун административдик корпусу, трибуналары, тышкы инженердик тармактары, кесипкөй аттар зонасы жана ипподромдун инфраструктурасы жалпысынан 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүүгө даяр.

Премьер-министр аталган иш-чаранын жалпы улуттук мүнөзүн жана маанисин белгилеп, майда курулуш-оңдоо, жакынкы аймактарды көрктөндүрүү иштерин ыкчам тартипте жыйынтыктоону жана ипподромдун инфраструктурасын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толук дайындалышын камсыздоону тапшырды.

Буга катар ипподромдун администрациясына күз-кыш мезгилинде имараттарга тийиштүү кам көрүү зарылдыгы айтылды.

Премьер-министр ипподромдун аймагында жайкы туристтик сезон учурунда жайгашкан көргөзмө чатырларын, балдар жарманкесин жана этно-шаарчаны кыдырып чыкты.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Кыргыз айылы» боз үйлөр шаарчасы жайгаштырылып, маданий иш-чаралар өтүүчү Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна барды.

Өкмөт башчыга «Кырчын» жайлоосундагы объектилердин  инженердик инфраструктурасы тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга этно-шаарчаны тургузууну, тийиштүү инфраструктураны, ачык театрды (сценаны) курууну жана көчмө коомдук ажатканаларды орнотууну өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону тапшырды.

Мындан тышкары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда электр жарыгы жана суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырылды.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл районундагы Семеновка-Григорьевка альтернативдик унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, аталган автожолдун 12 чакырымында кум-шагыл төшөө иштери жыйынтыкталган, учурда иштер уланууда.

Мындан тышкары, унаа жолунун 15-километринде көпүрөнү кеңейтүү иштери жүрүүдө, аны 2018-жылдын 1-августуна карай жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2016-жылы II ДКО өткөрүлгөн мезгилде аталган альтернативдик жолдун жоктугунан тыгындар пайда болуп, «Кырчын» жайлоосуна барууда ыңгайсыздыктар жаралган.

Премьер-министр курулуш иштерин өз учурунда жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: