Социалдык тармактарда “Дарыгерлерди биргеликте колдойбуз” аталышындагы челленджи башталды. Билдирүү кечээ, 22-июнда Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Фейсбуктагы баракчасында пайда болду.
Авторлордун айтымында, быйыл Кыргызстандын дарыгерлери кесиптик майрамдарын элдин колдоо посту менен белгилешет.
“Биздин жакшы сөздөрүбүз белгисиз дарт менен мүнөт сайын күрөшүп жаткан дарыгерлерге өзгөчө керек. Кадимки күндөрдөгүдөй эле алар бизди жана биздин жакындарыбызды дарылоону, куткарууну улантып жатышат. Биз оор күрөштө: беткап тагынуу, адамдар көп топтолгон жерлерге барбоо сыяктуу коопсуздук эрежелерин сактоо аркылуу жардам берүүгө тийишпиз. Биз өзүбүздүн сүйүүбүздү жана ыраазычылыгыбызды – дарыгерлерге, фельдшерлерге, санитарларга, тез жардамдын айдоочуларына көрсөтүшүбүз керек”, – деп жазылат билдирүүдө.
Социалдык тармактардын каалаган колдонуучусу бул челленджке катыша алат. Ал үчүн алаканыңызга “Жүрөк” деген жазууну тартып, селфи же видео аркылуу кыргызстандык дарыгерлерге хэштегтер менен ыраазычылык билдирип, жүктөө жетиштүү болот. #медиктергерахмат
https://www.facebook.com/kyrgyzredcrescent/photos/a.394022900635167/2988029607901137/?type=3
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ