Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди депутаттар жыйындан чыгарып ийишти. Алгач бир канча жолу эскертүү берилгенине карабай Керималиев сөз талаша бергени эл өкүлдөрүнө жакпай калды.
“Сиз мурдагы жыйындарда дагы өзүңүз каалаган учурда микрафонду жандырып сүйлөп жаттыңыз эле. Бул жолу да сизге эч ким сөз бербегенине карабай ошонуңузду кайталап жатасыз. Тартипке баш ийбесеңиз залдан чыгып кетиңиз. Мындай кылыктарыңызды өзүңүздүн министрликте кыласыз”, – деди комитет төрагасы Аскар Шадиев.
https://youtu.be/L4lYgYeNiLk
Видео: Кabarlar
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ