Menu

Ахматбек Келдибеков соттон “Де Факто” гезитин утуп алды

Бөлүшүү:

“Дe Факто Плюс” гезити  2018-жылдын 12-январындагы жарыяланган “Илимди ириткиси келген Ахматбек Келдибеков” деген макалада иш жүзүндө бир дагы сөзү чын эмес экендигин моюнуна алуу үчүн үч айдан ашуун талап кылынды.

Окурмандардын ишенимине ээ болуш үчүн кандай гана басылма болбосун жалган ушактарга эмес, текшерилген маалыматтарга гана  негизделген макалаларды жарыялоого аракеттенет. Бул тууралуу, албетте, кыялданса болот.  Өкүнүчтүүсү, саясий күрөштүн туу чокусундагы күрөштө алды-күчтүрөөгү теңтайлашуучусун белинен баткага батырууга аракет кылат. Ал үчүн көптөгөн ыкмалары бар.

Анын бири бул ыплас тирешүүлөргө принципсиз журналисттерди тартуусу эсептелет. Эми мындай журналисттерди журналист деп атоого тил да, дил да барбайт.

Бирок, тапшырыкчынын өтүнүчү боюнча кандай гана кадамга барышпайт. Акча төлөп беришсе, айрымдары ошол баткага өздөрү оонап жатууга даяр. Бул ушакчылар белгилүү саясатчылардын кадыр-баркын кетирүү үчүн, жарыяланган материалын каржылап берген кимдир бирөөгө  кошомат кылып атайылап фактыларды бурмалашат.

Ушундан кийин, алардын ишин кардарларын жыргаткан дагы бир байыркы кесип ээлерине  салыштырылып жүргөн  кесиби боюнча эң байыркы деп саналган калем кызматкерлерине таарынууга болобу?

Ошондуктан, Илимди ириткиси келген Ахматбек Келдибеков” макаладагы  “сандырактарынан” сотко кайрылып, соттун жүрүшүндө “Дe Факто Плюс” гезитинин башкы редактору Мусагул уулу Амантур Илимди ириткиси келген Ахматбек Келдибеков” макаласында (муну өзгөчө белгилеп кетүү керек) чындыкка жатпаган алдын ала билип туруп берилген жалган маалыматтарды, ошондой эле, Ахматбек Келдибековдун ар-намысына, кадыр-баркына, ишкердик беделине доо келтиргенин, өзгөчө оор жазык кылмышын жасагандыгы тууралуу түздөн-түз айыптарды жайылткандыгын моюнуна алган.

«Де Факто Плюс» редакциясы үстүдөгү  жылдын 12-апрелинде болгон окуяда өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алгандыгы тууралуу билдирип, Ахматбек Келдибековго келтирилген моралдык залал жана жагымсыз жагдайларды түзгөндүгү үчүн  эл алдында кечирим сурады.

Жарыялоону төгүнгө   чыгаруу, атап айтканда, чындыкка жатпаган жана мазактоочу сүйлөмдөр макаланын текстинин 80 пайызын түзгөн. Ошондой эле, “Де Факто Плюс” редакциясы чырдуу макаланы жайылткан бардык жалпы массалык каражаттарына жана интернет-ресурстарга  алардын төгүнгө чыгаруусун жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылган.

Албетте, А.Келдибековго эл алдында кечирим сураган башкы редактор  Мусагул уулу Амантур Нургазы Айтмырзаевден коркунуч туудуруучу абалдан алып чыга алган. Бирок автор унутуп калган көрүнөт, эгерде Кыргызстанда ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди каралган материалдарды жарыялагандыгы үчүн жазык куугунтуктоосу жокко чыгарылса дагы, мыйзам чыгаруучу жазык кылмышты жасады деп эл алдында жалган айыптоо үчүн алыс эмес жерде жайгашкан мөөнөтүн өтөөгө конкреттүү жазаны аныктаган.

Өкүнүчтүүсү, бизде ушул сыяктуу жарыялоолордун аягына чейин  чукуп чыгып, түпкү себебин айкындоо салты турукташкан эмес. Ал эми булактын аныкталышы тапшырыкчылардын нукуру максаттарын ачууга, өлкөдө жана анын чегинен тышкары белгилүү болгон саясатчынын атын бузуп, алар эмне максаты коюлганы белгисиз болуп калды.

Бирок, Келдибеков убагында бир нече министрликтерди башкаргандыгы, бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы, мыйзам чыгаруучулар ага жогорку даражадагы Төрага кызмат ордун ишенип тапшырышкандыгы бардыгына белгилүү. Жаш саясатчынын ийгиликтүү өсүп келген мансабын жибин 2017-жылы президенттик кызмат орунга талапкер боло турганда бир жыл мурда үзүп коюшкан. Анын атын коррупциялык кылмыштар менен байланыштыруу аракетти ийгиликке жеткен жок, сот эки айыптоо боюнча аны актап, бир гана  айыбы боюнча, ал КМШ Парламенттик аралык ассамблеяда Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачканды тууралуу күнөөлүү деп тапкан, ага 6 миллион сом айып түрүндө жаза дайындалган. Менин болжолум боюнча, мыйзамды одоно бузуп, бир эле реалдуу илинчек болгондо, ага козголгон жазык иши айып төлөө менен чектелбейт болчу. Ахматбек Келдибековдун пикири боюнча, соттун чечими мыйзамсыз жана саясий жактан жүйөлөштүрүлгөн болмок.

Ахматбек Келдибековдун курагын эске алып, анын алдыда саясий жолу кең экендигине жана узак экендигине ишенебиз. Бирок, бул жерде дагы кимдир бирөө ага бут тосуп, арт жагынан катуураак сокку берип, ошол жолдон түртүп салууга аракет кылууда.

«Де Факто Плюс» гезитин редактору өзүнүн күнөөсүн моюнга алууга эрки жана күчү жеткендиги түзүк болду. Бирок, ыплас жарыялоонун тапшырыкчыларынын табасы кангандыр. Макала ЖМКда жана интернетте жайылтылган, кайсы бир макалда айтылгандай, “суусу калкып чыгып, тунмасы калды”.

Айбарчын Тыныбекова, жактоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: