Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, суицидге барган өспүрүмдөрдүн санын белгиледи. 88 өспүрүм өз жанын кыйган, 83ү мектеп окуучулары, 54ү кыз, калганы эркек балдар.
Башкы прокурор балдардын ар бир суициди боюнча иш терең иликтенип, аягына чыкканча прокуратура кызматкеринин көзөмөлүндө болорун айтты. Анын сөзүнө караганда, мындан тышкары балдарга суицид боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми балдарды интернеттеги зыяндуу көрүнүштөрдөн коргоо жаатында былтыр Кыргызстанда экстремизм боюнча 139 интернет-сайт жана 220 аккаунт сот аркылуу жабылган.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ