Menu

Батукаевдин ордуна анын акчасын алып, түрмөдөн бошоткондор отурууга тийиш…

Бөлүшүү:

Азиз Батукаевге карата бир кезде козголуп, токтоп калган кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу парламенттин отурумунда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Бул сотко чейинки өндүрүш 2019-жылдын январында эле козголгон болчу.

Депутат, милициянын генерал-майору Зарылбек Рысалиев Башкы прокурордон Азиз Батукаевдин иши боюнча өзүн качан суракка чакыраарына кызыкты эле, Өткүрбек Жамшитов ага: “сизди суракка чакыруу пландаштырылган” деп жооп берди.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Азиз Батукаевди 2013-жылы, мөөнөтүнөн мурда, Нарын түрмөсүнөн мыйзамсыз – коррупция жолу менен бошотушкан жана колуна Кыргызстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз карматышып, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй урмат-сый менен «Манас» аэропортунан менчик VІР-самолётто Чечняга узатышкан.

Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш иши боюнча депутат-генерал Зарылбек Рысалиевди суракка чакыруу пландаштырылгандыгынын себеби – Зарылбек мырза 7-кабаттагылар Батукаевди түрмөдөн бошотууга тымызын буйрук беришкен кезде чоң курсак Зарылбек мырза Кыргыз өкмөтунүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, б.а. түрмөлөр башкармалыгынын төрагасы болчу.

Азиз Батукаев абактан кутулуу максатында 2012-жылы “жыртык ыштан” аттуу депутат аркылуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго 3 миллион доллар акча сунуш кылып, ал аракет ишке ашпай калган соң, 7-кабатка 5 миллион сунуш кылган соң (АША, Атаханов, Табалдиев, Салянова, Турсунбек Акун),тез арада Батукаевге шашылыш түрдө Кыргызстандын паспорту берилил, үч күндөн кийин өлүп калат деген жасалма диагнозду билдирген документтер даярдалып, абактан бошотулган болчу.

Гезитибиздин өткөн жылдагы 1-санында (2018-жыл) жарыяланган интервьюда Зарылбек Рысалиев кабарчыбыздын тийиштүү суроосуна: “мен кызматта жүргөндө мага сунуш кылынган паранын эң жогорку суммасы 5 миллион доллар болгон” деп айткан эле. Сыягы, Садыр Жапаров Батукаевдин 3 миллион доллар өлчөмүндө коррупциялык сунушун четке каккандан кийин, атактуу вор ал суммага дагы 2 миллион доллар кошуп, ЖАМКнын төрагасына кайрылгандай сыягы. Ар-намыстуу генерал мындай күмөндүү сунушка макул болбогон соң, Азиздин аталган ири суммадагы сунушун жогорудагы “пятёрка” кабыл алгандай.

Маскарапоз Атамбаев ошончолук эле улуу гуманист болсо жана колу таза болсо, ак жерден абакта тумчугуп, рак илдетинин акыркы – 4-стадиясынан жабыркап, өлүм алдында жаткан Мурат Суталиновду бошотпойт беле?!

Атактуу Азиз ворду кармап келүүгө Кыргызстандын күчү жетиши өтө эле күмөндүү. Ошондуктан, орустун жардамы менен Батукаевди тирүүлөй кармап келип, Атамбаев баш болгон жогорудагы “пятёрканы” чогуу бир зынданга отургузушса кандай сонун, кандай гана адилеттик болор эле, атаганат…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: