“Спектр-РГ” космостук обсерваториясын орустар июлда орбитага чыгарышкан. Анын телескопу галактиканын чок ортосундагы нейтрондуу жылдызда термоядерлик жарылуу болгонун тартып алды. Бул тууралуу Роскосмос билдирди.
“Август-сентябрдан бери ART-XC телескопу Галактиканын борборуна көзөмөл салып келет. Ал бири-бирине жакын жайгашкан эки нейтрондуу жылдызды сүрөткө тартып алды эле. Кечээ биринде термоядерлик жардыруу болуп олтурат”, – дейт Роскосмостун кызматкери.
21-октябрда «Спектр-РГ» Жерден 1,5 млн км алыс жумушчу чекитине барып токтойт да, 3-ноябрдан баштап асман сферасына көзөмөл салат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ