Menu

Турат Акимов, саясат талдоочу: «Бул маселе адилеттикке жатабы, Өмүрбек Чиркешович?!»

Бөлүшүү:

Белгилүү саясат талдоочу Турат Акимов кечээги тегерек столдогу жыйында өзүнүн оюн ортого салган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу сындаган пост калтырды. Аны толугу менен оңдоосуз беребиз. Ал төмөндө:

Бүгүн Текебаев парламентке өтүш шайлоо босогосун 3% түшүрөлу деп калыптыр. Ошондо 50 миң добуш менен эң күчтүү, байыркы тарыхы бар, тажрыйбалуу, эгебейсиз акчалуу партиялар ЖК мандатына ээ болуп калат экен. Күлкүнү келтиргени, «ошондо парламент жаңырат, жашарат»,- дейт Өмүрбек мырза.

Эгерде Жогорку Кеңеш чын эле жаңылансын, жашарсын десе, анда “эки иреттен артык эч бир эски депутат шайланбасын! Алтымыштан ашкан аксакал депутаттар пенсияга кетсин!”,- деген кошумчаларды киргизбейби. Ошондо Өмүрбек мырзанын «акмак» Конституциясы да, Кыргызстанды балким түзөлүп, тазаланып калат беле? Неге Өмүрбек мырза ушундай зор идеяларды сунуштабайт?

Бүгүн, эски дөө-шаалардын № 1 партия атаманы (АША) камакта, № 2 партия башчысы (ТОЧ) сот алдында, 3 партия лидери (Бабанов) качкында. Мунун баарын эске алган “великий комбинатор” Өмүрбек мырза өтпөсүн сезип, амал издеп калган кез экен.

Негизи президент (жакшыбы,жаманбы) 6-10 жылдык мөөнөтү бүткөн соң кетет экен. А Жогорку Кеңештин депутаты 30 жыл бою (улам-улам) шайланышка укуктуу, козголгус, кетпес, ыйык катмар экен. Ушул маселе адилеттикке жатабы, Өмурбек Чиркешович? Конституциянын «өгөй атасы» катары айтып койсонуз!”,-дейт Т.Акимов.

Эске сала кетсек, кечээ, 11-ноябрда, Бишкектеги “Достук”  мейманканасындагы имаратта «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол болуп өткөн. Ага экс-депутаттар Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов Өмүрбек сыяктуу белгилүү саясатчылар жана бул мыйзамды иштеп чыккан ЖК депутаттары Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев катышып, талкуулашкан. Алар мыйзам долбоору боюнча ойлорун ортого салып, келаткан парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чегин тогуз пайыздан түшүрүүнү сунушташкан.

Анда Өмүрбек Текебаев элдин оюн бийлик эске албаса, президенттин тагдыры революция менен бүтөөрүн эскертсе, Адахан Мадумаров революция болуп кетээрин ачык эле айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: