Menu

Референдумдагы башкаруу формасын аныктоочу бюллетендерге “Баарына каршы” деген графа кошулат

Бөлүшүү:

Референдумдагы башкаруу формасын аныктоочу бюллетендерге “Баарына каршы” деген графа кошулат. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси Акылбек Жапаров журналисттерге билдирди.

Ал референдум боюнча бардык сунуштар жана сын-пикирлер экинчи окууда эске алынгандыгын белгиледи.

“Мен “Адилет” укуктук клиникасынын корутундусун кунт коюп окуп чыктым, башка юристтердин сын-пикирлерине жооп берүүгө аракет кылам. Экинчи окууда комитет ушул маселелердин бардыгын кароого аракет кылды. Дастан Бекешев суроого үчүнчү пункт катары аралаш башкаруу формасын кошууну сунуштады. Бирок, юриспруденцияда мындай түшүнүк жок экен. Бирок алар “Баарына каршыбыз” деген графанын астында сунушту кабыл алышты, бул дагы анын сунушу, анткени референдум жөнүндө мыйзамда: эгерде альтернативдик варианттар болсо, анда “Баарына каршы” дагы болушу керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: