Menu

Өмүрбек Бабановдун таянганы кылмыш дүйнөсүбү?

Бөлүшүү:

Буга чейин «Республика – Ата Журттун» айланасына капчыктуу адамдардын арбын чогулганы, парламенттик шайлоодо акчанын күчүнө салуу менен жеңишке жетишкенин байкаганбыз. Бирок, Ө.Бабановдун командасындагылар таза эмгек менен байыган адамдарбы? Албетте, бул жаатта кыйла шектенүүлөр жаралат. Негизинен партия лидери чоң саясатта жаңычыл идеяларга таянуунун ордуна куру убадалар менен «курсак тойгузуп» келгени жашыруун эмес. Анан дагы акчага, кара күчкө ыктаганы байкалат. Мындай жүрүш менен элдин ишенимин актоо өтө эле кыйын го? Эмесе, биз саясатыбыздагы мыйзамдуулук жана тазалык болуш үчүн маселе көтөрүп, «Республика – Ата Журт» партиясындагы айрым фигуранттардын күңүрт жүздөрүнө токтоло кетелик.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Канатбек Исаев соттолгон, кылмыштуу топко тишелүү адамдар мамлекеттик башкаруу органдарына, жетекчилик кызматтарга барган учурлары боюнча билдирүү кылып, өлкө коопсуздугуна коркунуч туулганына кабатырланды. Эске салсак, буга чейин бир эмес, эки ирет соттолгондор аким болгону боюнча да ызы-чуу чыккан. Ошондой эле уюшкан кылмыш­туу топтордун мүчөлөрү парламентке чейин келип, мандат алганы боюнча да көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген.

Фракция лидери Канат Исаевдин бул сөзүнөн  кийин өкмөт башчы Темир Сариев кайсы бир аткаминер кылмыштуу топко тиешеси болсо, же сотголгонун жаап-жашырган учурлар аныкталса, чара көрүлөрүн эскертти: «Сизде конкреттүү факт болсо, берип койсоңуз, биз териштирип, чара көрүп туруп, сизге жообун берели. Мындай болбошу керек. Анткени, коопсуздук эң негизги маселелердин бири» деп.

Тилекке каршы, буга чейин Камчы Көлбаевдин санаалаш- пикирлеши болуп жүргөн, «Республика» партиясынын активдүү мүчөсү Калыбек Нургожоевди премьер-министр Т.Сариев «Солнышко» мамлекеттик ишканасына директор кылып, ушул жылдын 1-мартында дайындаган. Мына факт! Те­мке эл астында аксына сүйлөп, бирок, көшөгө артынан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн  кадр кое баштаганыбы? Ушунчалык да эки жуздүүлүккө барабы?

Айтмакчы, убагында «Рес­публика» партиясынан Ка­лыбек Нургожоев Кара-Балта шаардык кеңешине депутат ка­тары шайланган. Мына ушундан эле Өмүрбек Бабанов кимдер менен алака түзүп, кандай жолдор менен саясатта оюн кылып атканын түшүнсөңөр болобу?

«Республика – Ата Журттан» депутат болгон Талант Мамытовду билесңер да. Баягы Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосун аттап өтүп, калайманды салып, бийликти

басып алмакчы болгондо, дал ушул Талант мырза мамлекеттик күзөт кызматындагылар менен мушташканы көпчүлүктүн  эсинде. Мамлекеттик эң башкы объектини кайтарган кызматкерлерге мындай сокку жасаганы, өзү  депутат болуп туруп, деги эле ушундай жүрүш-турушу менен көзгө көрүнгөнү кайсы логикага сыят? Дагы бир «Республика – Ата Журттун» көрүнүктүү депутаты Улан Чолпонбаевди (тиги дүйнөдөгү каймана аты «Хоп») ким билбейт? Уба­гында Камчы Көлбаев менен камыр-жумур аралаш жүргөнү боюнча ММКларга жазылган болчу.

Баса, бир убакта В.Хон ме­нен Э.Бабановдун ортосунда чыр болуп, бизнес талашуу жагынан сенсация жаралган. Ошондон көп өтпөй  В.Хон ур-тепкиге алынганын билебиз. Анан таластык иниси катары «Сакалдын» аты чыкканы кан­дай? БӨТтүн ал жагынан да байланышы бар беле? «Республика – Ата Журттун» бакандай колдоочусу, «Искра Строй» курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариевдин чуулганы коомчулукту таңгалдырган. Интер­нет булактарында «16 жашар кызды зордуктады» деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул суроо да ачык бойдон калууда…

Кыскасы, Өмүрбек Бабановдун жогорудагы саясый үзөңгүлөштөрү, партиясынын бакандай мүчөлөрү кандай маанидеги адамдар экенин көрүп атасыңар. Бүгүнкү  бийликтин кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү багытын алганын билебиз. Деги эле сая­сый элита жана чиновниктердин таза болушуна замандын талабы  каттуу коюлган. Өкүнүчтүүсү ушул. Анда неге БӨТтүн айланасын бийлик башындагылар  сыдырыгыа салып, туура баасын бербейт? Качанкыга чеийн унчукпай отурушат?

Белек Айдарбеков

Булак: “АЗИЯньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: