2017-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын буйругуна ылайык түзүлгөн атайын ыкчам Штаб тиешелүү кызматтар менен кезектеги чогулушун өткөрдү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Чогулушту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков алып барып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички иштер органдарына шайлоону өткөрүү жана даярдоо учурунда жарандардын укугун коргоону камсыз кылуу, коомдук тартипти камсыздоого тиешелүү чараларды көрүү маселесин карады.
Анда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өлкөнүн жарандарынын жеке коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкагында негизги чаралардын комплексин ишке ашыруу маселесин талкуулады.
Чогулушта белгиленгендей азыркы убакта ИИМдин кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирдикте шайлоо участкаларын жана шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздоого, жарандардын конституциялык укугун бузган фактыларды, иш-аракеттерди аныктоого багытталган комплекстүү чараларды көрүшүүдө.
Шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгы да баса белгиленди.Кыргыз Республикасынын ИИМи шайлоо убагында уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүнө, эл көп чогулган жайларда жана шайлоо аймактарында өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам-алдын алуу иш чараларын көрүп, коомдук тартипти бекем сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы чогулушта белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ