Menu

Путин менен Эрдоган эки тараптуу мамилени жандандырууга макулдашты

Бөлүшүү:

Орус-түрк кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү негизги багыттары соода-экономикалык мамилелерди жана террорчулукка каршы күрөштү калыбына келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу Санкт-Петербургда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Орусия башчысы Владимир Путин билдирди.

Президент Владимир Путиндин сөзүнө караганда, Орусия акырындык менен Түркияга каршы санкцияларды алат. “Биздин алдыбызда соода-экономикалык байланышты жандандыруу үчүн кылдат иштөө маселеси турат. Жараян башталды, бирок бираз убакыт талап кылат”, – деди Путин

Түрк лидери Режеп Эрдоган орусиялык кесиптешин “жакшы дос” деп атап, эки өлкө бузулган мамилени оңдоп, мындан ары дагы көбүрөөк жакындашууга болорун кошумчалады. Бул – 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык аскер учагын атып түшүргөндөн берки алгачкы жолугушуу.

Орусия менен мамиле калыбына келип жаткан маалда 230 адамдын өмүрүн алган аскердик төңкөрүш аракетинен соң, Анкаранын Батыш менен ымаласы начарлап кетти. Түрк бийлигинин пикиринде, Батыш тополоңдун өзүнө эмес, андан кийин Түркия көрүп жаткан чараларга көбүрөөк кабатыр болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: