Menu

Темир Сариев – трайбалист беле?

Бөлүшүү:

2005-жылдагы март революциясы Акаевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун гана кулатпастан көптөгөн мыйзам бузууларга да жол ачып койду. Эркин элдин жеңишин көптөгөн криминалдык күчтөр колдонушканы аз келгенсип, башка бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, алар бул мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок.

Артта калган күндөрдү эсинен чыгарбагандар каржы табуунун негизги жолу жер басып алуу болгонун танбайт. Бийликте отурган айрым адамдар тарабынан уюштурулган жер басып  алуучулар тобу коомдук-саясий туруксуздуулуктан жана мыйзамдын иштебегендигинен  пайдаланып күн өткөн сайын улам бир жерге көз артып, басып алган жерлердин аянтын кеңейте беришкен.

Мыйзам бузуучулардын арасында чындыгында эле муктаж болгон адамдар да болгон, бирок алардын саны өтө аз эле. Көптөгөн жылдар бою Бишкектин ар тарабында көчүп-конуп жүргөн айрым жерге муктаж адамдар жаңылыктардан жана жакындарынан жер басып алуу болуп  жатканын угушуп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууну көздөшкөн.

Бирок мыйзам бузуучулукту эч кандай муктаждыкка такабоо керек, ал эми бул аракеттер элдин күчү менен алган бийликте манчыркап отургандар тарабынан уюштурулганы кечирилгис нерсе. Бишкектеги жерлердин көбү басып алынгандан кийин алдым-жуттум болгон бул топтордун  лидерлери токтоп калбастан коомго жат иштерин андан ары улантышкан.

Схмема жөнөкөй болчу: атайын бир аймак тандалып алынып, үй куруу үчүн тилкелерге бөлүнүп, алар кайрадан каалоочуларга сатылчу. Алар бул ишти кылып жатканда артка кылчайып, эртеңин ойлошпой, эч нерседен коркпой акылга сыйгыс иштерин уланта беришкенинин себеби алардын артында ишенимдүү күчтөрү, бийлик өкүлдөрү турган эле. Жогору жактын колдоосу жок мындай мыйзам бузган иштер жана коррупциялык схемалар орун албайт болчу жана айрым аткаминерлер революциянын атын жамынып алып өздөрүнүн максатын ишке ашырганын жер  басып алуучулар тобу жакшы билген.

Аларга алгачкылардан болуп Сокулук районунан Темир Сариев каршы чыккан. Ошол учурда ал бул шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп кайрадан шайланган болчу. Белгисиз бирөөлөр кара өзгөйлүк менен жерлерди басып алып жатканы тууралуу маалыматты уккан эл өкүлү колун куушуруп, жөн отура алмак эмес, ал дароо жеринен маселени чечип, айыл-чарба жерлерин сактап калган.

Сариев шайлоочуларынын менчигиндеги жерлер мыйзамсыз түрдө башкалар басып алганына жол бере алмак эмес. Шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргоо үчүн ал баарына даяр эле, себеби мандай терин төгүп, ак эмгеги менен иштеген сокулуктуктар балдарынын жаркын келечеги үчүн бул жерлерди тынбай иштетип келишкен.

Тоскоолдуктарга учураган жер шылуундары дароо буйрутма менен макалаларды жаздырышып, Сариевге карата каршы саясат жүргүзө башташкан. Алдамчылар жер басып алуучулар муктаж адамдар деп алсыз адамдардын артына жашынып сасык саясатын жүргүзүшкөн. Ал эми жерге чындыгында муктаж болуп, басып алгандардын саны аз болчу, себеби ар бир басып алынган жер жогорку жактын калкалоосу менен иштеген бир топко тиешелүү болуп келген.

Алдамчылыктын жеткен чеги деп ушуну айтса болот, жерди мыйзамсыз басып алгандары аз келгенсип, чыныгы муктаж болгон адамдарга тилкелерди сата башташкан. Бир адамдын эле атына 30-40 жер тилкеси катталган учурлар да кездешкен. Сокулукка жеткенде пландары ишке ашпай калган шылуундар Сариевге карата маалыматтык согуш ачышып, бул жерлерди түштүктөн келген мигранттар басып алууну көздөшкөнүн айтышып аны “трайбалист” атап чыгышкан. Бул карандай калп!

Шылуундардын жана мыйзам бузуучулардын жердиги жок болот. Эгерде Сариев трайбалист болсо ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында активдүү мүчөлөрү көп болгон “Ак Шумкар” партиясынын лидери боло алат беле? Түштүктөгү алыскы аймактардагы социалдык- экономикалдык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурган өкмөт башчы болот беле? 2009-жылы  Сариев президенттик шайлоого катышып, түштүктөгү тургундары менен жолугушканда  трайбализм тууралуу көп суроолор берилген. Ошол маалда Сариев шайлоочуларынын укугун коргогонун, эгерде кимдир бирөө алардын дагы жерин тартып алууну көздөсө, дал шол маалдагылардай эле оштуктардын, жалал-абаддыктардын, баткендиктердин дагы чыныгы  трайбалисттерден, коррупционерлдерден карапайым калктын кызыкчылыгын талашкан дал ушундай президент керек” деп айтышкан.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: