Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Федерациясына болгон сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси, Россия Федерациясынын башкы санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту.

Жолугушууда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.

«Оор мезгилде, коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурда өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көп болуп жаткан маалда россиялык медицина кызматкерлеринин ролу өзгөчө маанилүү болду», – деп белгиледи Артем Новиков.

Тараптар инфекцияны жуктургандардын жаңы учурлары көбөйүп жатканын белгилешип, буга байланыштуу Россиянын медицинасынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен Кыргыз Республикасына медициналык гуманитардык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды. Россия Федерациясы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштүн алкагында жакынкы аралыкта 50 миң тест-системасын Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: