Menu

Алмаз Атамбаев: “Өлүп калсам артымда эч нерсем калбай калбасын деп ыр жазууну чечип, 47 мүнөттө 5 орусча ыр жаздым”

Бөлүшүү:

“Ташкентке учуп барышым керек эле. Учууга аз калганда авиация департаментинин жетекчилеринин бири президенттин учагы менен учууга болбой турганын айтты. Учак эскирип, жасалганына 25 жыл болуптур”, – деп билдирди бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө берген маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев.

“Бирок, мен учушум керек болчу. Ташкентке келгенден кийин гана жарыкка чыкпай калчу ырларымды ойлодум. 60ка чыктым, ичээримди ичип, жээримди жедим. Бирок мен өлсөм артымда мурас болуп кала турган эч нерсе калбай калбасын деп ыр жазуу чечип,  47 мүнөттүн ичинде беш орусча ыр жаздым. Досум Фуркат Турсунов аларды угуп, шашпай клип жасап жатат. Азыр 4 орусча ырым жарыкка чыкты, орустар унчуккан жок, кыргыздар сындап жатышат. Ушунча чуу салышканына таң калып жатам. Орусчаны түшүнүп-түшүнбөгөнү деле сын айтып жатат. Эгер ошол 4 ырды кыргызча чыгарсам булар муунуп өлүп калышмак экен. Ошондуктан биринчи ырларымды орус тилинде жазганыма кубанычтамын (күлүп). Эми эмне кылышты билбей калдым. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп 60 жылдыгыма дагы 5 кыргызча ыр чыгарып койсомбу деп жатам”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: