– Канат Кедейканович, комитеттин бир жолку отурумунда сиз мамлекетке тиешелүү мүлктөр натыйжалуу башкарылбай жаткандыгын айттыңыз эле, буга конкреттүү мисалдарыңыз барбы?
– Мисалы, Бишкектеги жети кабатуу «Семетей» мейманканасы бир жылда мамлекетке 50 миң сом (!) таза киреше бериптир. Элүү миң сомду үч бөлмөлүү батир эки айда берет. Ал эми мейманкананын канча бөлмөсү бар? Мен Көлдөгү «Витязь», «Солнышко» пансионаттарын да айтып кеттим. Жылдык кирешелери 10 миң долларга жетпейт. Ал жерде канча коттедж бар? Ал эми Көлдө бир адамдын менчик жакшы коттеджи болсо, бир эле сезондо 10 миң доллар киреше берет. Бул эмнени көрсөтөт? Биздин аткаруу бийлиги мамлекетке тиешелүү мүлктү натыйжалуу башкара албай жаткандыгын. Көзөмөл жок. Маммүлк фондусу мамлекетке тиешелүү мүлктү жакшылап көзөмөлдөп, талап койчу болсо дивиденд катары бир топ акча түшмөк. Бул дагы бюджетти толтуруунун жаңы бир булактары болуп калмак.
– Бул жерде коррупция болушу мүмкүнбү?
– Сөзсүз да. Ошондуктан, андай жыйынтыкты көрсөткөн жетекчилерди өкмөт өзүнчө тизме түзүп, башка бир кызматка барбагандай кылыш керек. Анткени, бир жерден ичип-жеп чөнтөгүн толтуруп, анан карасаң эле жарым жылдан кийин башка кызматта пайда болуп калат. «Кара тизмеге» киргендерди экинчи жолу мамлекеттик кызматка барбагандай кылыш керек.
Керим Мурас
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ