Menu

Путиндин демилгеси колдоого алынабы?

Бөлүшүү:

Өткөн айдын аягында ЕАЭСтин Жогорку кеңешинде Орусиянын президенти В.Путин бул союздун мүчөлүгүндөгү бүтүндөй мамлекеттерде бардык жарандардын пенсияларын бирдей деңгээлге келтирүү сунушун киргизди. Көтөрүлгөн маселеде ЕАЭСке мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн аймактарында иштеген ар бир адам эмгек стажынын үзүрүн көрүп, ардактуу эс алууга укук берүү жагына басым жасады. Ал ЕАЭСтин кайсы аймагында иштеседа, татыктуу дем алууга укуктуу экени белгиленип, эмгек стажын аныктаган тийиштүү документтери аркылуу укукка ээ болорун белгилеп өттү.

Азыркы учурда орус жергесинде 100 миңдеген адамдар иштеп жүрөт. Алар кайсы жерде иштесе да тапкан каражаттарынын эсебинен ошол өлкөнүн Соцфондусуна мыйзам чегиндеги өлчөмдө акча котортуп турат. Эс алууга чыкканда ЕАЭСтин мүчөсү болгон өлкөнүн кайсы аймагында жашаса да, каалаган өлкөсүнөн пенсия чектетип алуу укугуна ээ болот. Эң негизгиси, пенсиянын өлчөмү бардык аймактарда бирдей төлөнөт.

Бул келишимге алгач Армения каршы болгон менен, кийин бул аракеттерди кайрадан колдоого алып, бирдиктүү пенсия өлчөмүн колдоп чыккан.

Белгилей кетели, ЕАЭСтин Жогорку кеңеши үстүбүздөгү жылдын 29-майында Казакстандын борбору Нур-Султанда өткөрүлгөн.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: