Кечээ, 2-апрелдин таңында экс-депутат Садыр Жапаров Бишкектеги N1-тергөө абагынан кескиленген жаракаттары менен, оор абалда N47-абактагы ооруканага которулганы белгилүү болду.
Коомчулук бул кабарды, азыр абакта кармалып жаткан Садыр Жапаровдун өз эркинен ажыратылган абалда, мамлекеттик юрисдикциянын калкалоосу астында туруп, ага физикалык кепилдик камсыз кылынбаганына үрөйү учуу менен кабыл алды.
КР Жогорку Кеңешин өзүнүн парламенттик көзөмөл фуңкциясынын алкагында Садыр Жапаровдун жаракаттары кандай шартта, кандай мүнөздө жасалганын тыкыр медициналык документтештирүүнү кепилдөөгө чакырабыз.
Бул максатта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Садыр Жапаровдун ден соолугун иликтөө үчүн мекемелер аралык врачтык комиссияны түзүп, ал комиссия мындай учурларды документтештирүү боюнча эл аралык стандарттардын – Стамбул протоколунун негизинде иш алып баруусу керек.
“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ