Кайрат жана анын 5 млн тугрикке сатылган “Х.Батулга” сүрөтү
Кыргыздын сүрөтчүсү Азамат Жаналиев мык менен жиптен Петр биринчинин, Путиндин, Назарбаевдин, Ахмад Кадыровдун, Батулганын, Мирзиёевдин, араб ханзадаасы Хамдамдын жана башка саясый лидерлердин портреттерин тартып, алардын мекендерине саякат жасап, сүрөттөрүн белек кылып келаткан.
Эми Азаматка атаандаш болуп чыккан Монголиянын Баян-Өлгий аймагынын жаш казак сүрөтчүсү А.Кайрат да жип менен мыктан өлкө президенти Х.Батулганын портретин тартып, жаңы жылдагы аукциондордун биринде 5 миллион тугрикке саткан. Бул тууралу монгол сайттары жазып чыкты.
Кайраттын айтуусунда портреттин бийиктиги 90 см, туурасы 60 см болуп, бир нече килограмм мык, жүздөгөн метр жип кетип, он түн уйкудан калган.
Азамат жана монгол президенти Батулга сүрөтү менен Улан-Баатырда
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ