Чыныбай Турсунбековго караштуу «Акун» пансионатынын канализациясы Ысык-Көлгө куюлуп атканы боюнча ЖМКлардын жарыя кылышканын унута элексиңерби? Бул боюнча да чуру-чуу болгон… Дал ошол эс алуучу жайдан журналист Улан Эгизбаев каза тапты. Негизи пансионат жетекчилиги келген эс алуучулардын коопсуздугун карашы керек эле. Улан сууга чөгүп атса, куткаруучулар эмнеге жок болуп калышкан? Качан гана суудан сөөк калкып чыгып, эс алуучулар аны жээкке чыгарышкандан соң куткаруучулар келишиптир. Мунун өзү «Акундун» шалаакылыгы! Ток этери, кыргызбайчылыктан көтөрүлө албаган Чыныбай пансионатын стандарттык деңгээлде иштете албаса, эрежелер так сакталбаса, эмне кылат анча тырмышып? Акча артынан кууп жүрүп, аягында кандай гана адамдардын убалына калууда? Жок дегенде бети чымырады бекен?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ