Menu

Алмаз Атамбаевге кайрылуу: “Алмаз Шаршенович, өзүңүз бийликке кантип жеткениңизди эч качан эсиңизден чыгарбашыңыз керек!”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун тургундарынан СДПКнын экс-депутаты Кубанычбек Кадыровду колдоо боюнча КАЙРЫЛУУСУ
Президент мырза, акыркы учурда байкасаңыз, биздин мамлекетте кандай гана окуялар болуп жатат, балким Сиз тышкы саясат менен алагды болуп жатып, ички саясатка, көп көңул бурбай жаткандырсыз. Тагыраак айтканда, башкасын айтпасак дагы,  чек ара маселелери, чынында Кыргыз элин өтө кооптонтуп жатат, Акаев учурунда Узөңгу-Куш сатылса, Бакиев учурунда Каркыра кетсе, эми Сиздин учурда Үңкүр-Тоо кетип жатса (бул билинип калгандыгысы, а билинбей четинен кертилип сатылып жатканы канча, бир кудай билет), муну кандай тушунсок болот. “Улутум кыргыз, урааным Манас!,“кулаалы таптап куш кылдым, курама кылып журт кылдым”, деген сыяктуу Манас бабабыздын ураандарын кандай кылабыз, анда бул ураандар  жөн эле кыйкырык болуп калабы?, “ушул жерлер сатылып кетсин” деп биздин  ата-бабаларыбыз канын жанын беришти беле!?
Шашпай отуруп, терең ойлонуп анализ кылып көрсөңүз, революциядан кийин эмне өзгөрдү!?  Биздин оюбузча эч нерсе өзгөргөн жок, азыр карапайым эл туңгуюка кептелди, керек болсо азыр  үйүндө наны жок, уну жок ачка  отурган элдер миңдеп саналат. Ар бир үчүнчү үй-бүлө кредитте отурат, алардын тагдырын  ойлогон бир жан жок, эртеден кечке иштеп тапкан акчалары светке, сууга жана башка коммуналдык төлөмдөргө кетип жатса, анысы аз келгенсип камсыздандыру, социалдык-салык төлөмдөрүн санабай тим коелук. Чындык бул өтө ачуу болот, чындыгында бүгүн Кыргыз Элинин 70-80%  өтө жакырчылыкта жашап жатканы, бул факт. Канча деген уул-кыздарыбыз өз мекенинен көр оокаттын айынан, чет жерлерде тентип, оокат кылып журушот, бул “бечараларга”  көнүл бурган деле бир жан сезилбейт. Бул көрүнүштөр кыргыз мамлекети үчүн өтө чөң трагедия, кээ бир эксперттер жазып чыккандай, бара-бара “Кыргыз мамлекети жоголот” дегени чындыка окшошуп бараткандай.
Жогорудагы карапайым элдердин көйгөйлөрүн көтөрүп айтып чыгышпаган, мындай Жогорку Кеңеш бизге керекпи!? Төрагасы баш болуп, депутаттары төш болуп,  ооздоруна талкан салып алышкансып, эч кимиси үн катпай отурушкандарына таң бересиң, биздин мамлекетте адамдардын укугун коргогон коммитеттер кайда!? Омбудсмен институту жоюлуп кеткенби деген ойлорго аргасыздан келесиң.
Анан бул эл багаар-төбөлдөр чындыкты айтпай отурса, ким айтат? Карапайым калктын таламын ким талашат!? Чындыкты айтып чыгышкан, бир-эки саясатчыларды четинен баса калышып, камап отурушса, эмне кылышыбыз керек айткылачы урматтуулар!? Бул саясатчыларды, камабак турсун, тескерисинче ыраазы болушубуз керек, чындыкты айтып жатышканы үчүн.Ошол себептен Президент мырза, кыргыздар айткандай “Эрегиштен эр өлөт” дегендей, элдик жигиттер Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановду камактан бошотууну талап кылабыз, чай ичип отуруп сүйлөшүп койгону үчүн, баса калып камап коюшкандары, бул эч кандай адамкерчилике дагы, мыйзамга дагы туура келбейт, бул нерселер бийликке эч кандай аброй алып келбейт. Саясий куугунтуктун дагы чеги болот, бул өтө уят, жат нерсе деп эсептейбиз. Алмаз Шаршенович, өзүңүз бийлике кантип жеткениңизди эч качан, эсиңизден чыгарбашыңыз керек. Мындай болбосо, келгиле анда, баарыбыз “жыргап, куунап жатабыз” деп жер жерлерге митинг-пикеттерди өткөрөлүк.
Ысык-Көл облусунун тургундарынын атынан:
Досумбаев К.
Сарбагышев М.
Усупова З.
Сатыбалдиева М.А.
Жаркымбаев А.
Суеркулов К.
Маматалиев К.
Жолболдиев Т.Б.
Касымалиева Б.
Касымалиева А.
Муканов Ж.
Бектуров М.
подпись Кадырова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: