Menu

«Табылга» партиясы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстанды» колдоп берүүнү чечти

Бөлүшүү:

«Табылга» партиясы Жогорку Кеңеште боло турган шайлоодо «Мекеним Кыргызстанды» колдоп берүүнү чечти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Бул маалыматты саясий уюмдун борбордук штабы тастыктап, биригүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын белгиледи.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы аралыкта дагы бир катар беделдүү партиялар жана саясатчылар алардын катарына кошула тургандыгын маалымдады. “Мекеним Кыргызстан” олуттуу жаңыланууну күтүп жатат “, – деп сөзүн жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-августта “Бирик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары шайлоого чогуу аттанышаарын жарыя кылышкан. Партиянын лидерлери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кол коюудан кийинки билдирүүсүндө, саясатчылар Жогорку Кеңеште боло турган шайлоонун маанилүүлүгүн белгилешти жана шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга үндөштү.

Белгилей кетсек, Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Башында 44 партия катталган, бирок экөө – “Демократ” жана “Коммунисттик партиясы” шайлоого катышпаарын билдиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: