2017-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Профсоюздук комитетинин төрагасы келе жаткан Жаңы 2018-жылга байланыштуу ата-эненин кароосу жок калган К.Тилебалиев атындагы Панфилов жетим балдар жана балдар үчүн мектеп-интернатка барып келди. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Азыркы учурда Панфилоф балдар үйүндө 250 дөн ашык балдар жашайт жана окушат. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө балдарга КР ТИМ жамаатынын атынан азык-түлүк, таттуу жана балдар оюнчуктары түрүндө белектер тапшырылды.
Өз кезегинде, Панфилов мектеп-интернатынын директору Р.Усупбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамаатына камкордук акцияларда туруктуу түрдө көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылыгын жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга ниетин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ