Сооронбай Жээнбеков Куба Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту өлкөнүн Боштондук күнү менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
“Сизди жана Сиз аркылуу жалпы Куба элин улуттук майрамы – Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-кубалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктарлыгымды билдирем. Жагдайдан пайдаланып, Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктап, Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,-деп белгиленет куттуктоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ