“Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын депутаттары кечээ, 23-сентябрда “Манас” эл аралык аэропортунда көчмө жыйын өткөрүп, “Манас Менеджмент Компани” ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, фракциянын өткөн аптадагы жыйынында депутаттар “Манас” аэропорту “Манас Менеджмент Компани” ЖЧКсын кантип сатып алганына кызыгып, бул маселени жеринде талкуулоону эп көрүшкөн. Ага ылайык, иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү жүктөрдү кабыл алуу жана жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирүү менен алектенген ишкананы кыдырып көрүштү.
Андан соң, “Манас” аэропортунун жетекчилеринен ишкананын кандайча түзүлүп, кандайча аэропорттун карамагына өткөндүгү тууралуу маалымат алышып, жыйында мекеменин каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө да талкуу болду. Соңунда депутаттар аэропорт ишкананы туура эмес баалап алган деген жыйынтыкка келишип, бул боюнча тиешелүү мекемелер атайын текшерүү жүргүзүүсү керек деген пикирге келишти.
Кошумчалай кетсек, “Манас Менеджмент Компани” ишканасы 1998-жылдын 21-апрелинде түзүлгөн. Учурда анын 100 пайыз акциясына “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому ээлик кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ