Menu

Болот Шамшиевдин Айтматов белекке берген автоунаасын өрттөп кетишти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин машинесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, андан кийин өрттөп жиберишти.

Бул тууралуу маалыматты Болот Шамшиев өзү да ырастап, Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз жазганын билдирди.

Анын айтымында, машине 8-ноябрдын кечинде Бишкектеги актер жашаган үйдүн короосунда токтотулган жеринен уурдалган. Шамшиев бул тууралуу милицияга кабарлап, тартип сакчылары машинени Чүйдүн Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табышкан.

Болот Шамшиевдин маалыматына караганда, автоунаадан эч нерсе уурдалган эмес. “Мерседес” үлгүсүндөгү машине 1989-жылы заводдон чыккан. Режиссер аны 1993-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Люксембургда элчи болуп турган кезде алганын, ал анын документтерин даярдоого көмөктөшкөнүн жана аны Кыргызстанга өзү айдап келгенин айтты. Шамшиев белгисиз бирөөлөр машине ага таандык экенин билип туруп, “атайлап уурдашкан” деп эсептейт. Милициядан актердун автоунаасынын уурдалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Эрте келген турналар” жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: