Menu

Жардыруулар – дүйнөлүк саясатты жүргүзүп жаткан чоң мамлекеттердин оюну

Бөлүшүү:

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы акыркы  жардырууларга жооп катары “терроризмди чөгөлөтөбүз” деп каарын чачууда. Түркиянын маалымат булактары алдын ала маалыматтары боюнча бомбаланган унаа менен жардырууну ишке ашырган эки адамдын бири – Курд жумушчу партиясына 2013-жылы кошулган аял киши болгондугу айтылат. Экинчиси, эркек адамдын да курд жумушчу партиясына байланышы бар экендигин кабарлашууда.  Түркия борборунда соңку бир ай ичинде эле эки ирет теракт жасалды. Буга чейин Анкарада былтыр октябрда 100дөй адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн түрк бийликтери “Ислам мамлекети” террордук тобун күнөөлөшкөн эле. Эгерде мындай көрүнүштөр кайталана берсе, аягы эмне менен бүтөрү тунгуюк. Чын эле, өздөрүн “ислам мамлекети” деп атаган “террорчу” уюм өздөрү айткандай дүйнө жүзүн басып баратабы деген суроого жооп издедик.

Эмилбек МомуновЭмилбек Момунов, «Рух медиа» диний журналистика борборунун директору:  “Террордук күчтөрдүн артында кимдер тургандыгын ачыкка чыгаруусу зарыл”

— Азыр бир эле Түркияда эмес, Белгия, Франция жана башка Европа өлкөлөрүндө да бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылган террордук актылар болууда. Алардын көпчүлүгүнө өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алган топ жоопкерчиликти алып жатат. Ошондуктан алдыңкы, цивилизациялуу мамлекеттер ар кандай көз карашын, тирешүүсүн токтотуп, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүп, анын тамырын кыркуу, террордук күчтөрдүн артында кимдер тургандыгын ачыкка чыгаруусу зарыл. Мындан башка жолу жок.

Марс САРИЕВМарс САРИЕВ, серепчи: “ “Ислам мамлекети” деп радикалдык исламды пайдаланууда”

— Жакын арада Түрцияда тынчтык орношуна чоң күмөнүм бар. Ал жерде болуп жаткан жардырууларга “Ислам мамлекетинин” аскерлери эмес, Курдтар күнөөлүү экендигин айтышууда. Себеби, Түрциядан сырткары Ирак өлкөсүндө дагы жардырууларды уюштурууда. Мындан улам Сирия өзүнчө бир мамлекет болбой калды. Курдистан  “ислам мамлекети” жана “алавиттердин” да өзүнчө анклабы сыяктуу чачырап кетүүгө дуушар болууда. Мисалы, Ливия өлкөсү уруу-уруулар менен чачырагандай, бул жерде “конвеция” менен чачырайт. Эгерде Курдистан пайда болсо, Түрциянын аймагында канча миллиондогон деген күрттөр бар. Ошондой эле, Ирак, Сирия, Иранда дагы орун алган. Негизинен “Ислам мамлекети” деп радикалдык исламды пайдаланып жатышат. Мисалы Ирак “ислам мамлекети” катары мурунку Садда́м Хусе́йндин жоокерлери, чиновниктер “сунниттер” уюштурган. Бул нерсени көп мамлекеттер өзүнүн кызыкчыгына карата пайдаланууда. Мындан улам атайын өзүнчө бир көз карандысыз  уюм деп айтуу кыйын.

Максат КАСЕНОВМаксат КАСЕНОВ, “Улуу Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары: “Ислам согуш менен орун алган эмес”

— Жардырууларды дүйнөлүк чоң саясат жүргүзүп жаткан мамлекеттердин иш аракеттери десек болот. Бул элди коркунучта кармоо үчүн жасалган күчтөр же “исламды жамынып, каалаган максаттарына жетүү. Бир мамлекеттен экинчи өлкөгө зыян келтирүү менен өздөрүнүн пайдасына колдонулган метод катары кабыл алуу керек. Мындан улам мисалы “ИГИЛ” деген агымдарын ойлоп таап, анын негизинде бардык жаман көрүнүштү исламга такап жатат. Тескерисинче, бул жардыруулар, дүйнөлүк саясатты башкарып жүргүзүп жаткан чоң мамлекеттердин оюну деп билем. Негизи ислам согуш менен орун алган эмес. Анткени согуш аркылуу исламды дүйнөгө орнотобуз дегендер жаңылыштык. Ошол эле учурда биз эгемендүү мамлекет катары эртеңки күндүн коопсуздугун эске алышыбыз керек. Анткени ал топ кайсыл мамлекетке багыт алат?! Учурда эң алсыз болгон мамлекеттерге багыт алууда.

Упел АНАРКУЛОВА

Булак: “Эл деми”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: