Menu

“Кыргызстан” жалгыз кыр ашканга кудурети жетеби?

Бөлүшүү:

Мөөнөтүнөн мурун болот, жок кийинки жылы күздө болот деп көп сөз жаратып жаткан кезектеги парламенттик шайлоого даярдыкты алгачкылардан болуп “Кыргызстан” партиясы баштап берди. Эми калган саясий партиялар дагы өз камын көрөрү турган иш. “Кыргызстан” өткөн парламенттик шайлоодо айтылуу Икрам Илмиянов көзөмөлгө алган партия болгондуктан, парламент босогосун аттаганы айтылып келген. Илмияновго жаккан адамдар тизмеге илингени айтылган. Ошол учурда ооматы ашып турган Илмиянов азыр “Кыргызстанды” кыр ашырмак түгүл, өзүнүн абалын жөндөй албай турган абалда. Демек,“Кыргызстанга” кыл чайнаштан сынбай келүү үчүн Илмияновго окшогон жаңы колдоочу, тирөөч керек. Бул вазийпаны ким алышы мүмкүн? Азырынча белгисиз. Бул партияда акча жагынан көйгөй жаралышы мүмкүн эмес, катары капчыктуулар менен куралган. Бирок, шайлоодо жалаң эле акча менен жеңишке жетишүү кыйын иш. Акча дагы эч нерсени чече албай калган учур жаралат. Канат Исаев эч кандай колдоосу жок эле өзүбүз аламанга катышып, озуп келебиз деп төш какканына эч ким ишенбей турат. Анткени, “Кыргызстанда” элди сөздүн күчү менен өзүнө оодарып кетчү оратор саясатчы дээрлик жок. Исаевди деле саясатта “тяжеловес” деп айтууга болбойт. Анын да чамасы чакталуу эле. Сүрөп-колдоп алчу электораты күчтүү эмес. Демек, сөзсүз бийлик тараптан колдоого муктаж. Бийлик өзүнө кызмат кылгысы келбеген партияны канатына калкалабайт. Бийликтин жаратылышы ушундай. “Кыргызстан” кийинки шайлоодо дагы парламент босогосун аттайм десе, жогор жактын командасын кың этпей аткарышы керек болот. Исаев дагы ишенимге кирип, берилгендигин далилдөөгө милдеттүү. Буга Исаев канчалык деңгээлде даяр? Жарым жолго барганда ишеним ыдырап кетсе, “Кыргызстан” шайлоого катышпай калышы да ыктымал. Маммашинага туруштук берүүгө “Кыргызстанда” дух жок, тура албайт дагы. Башка партиялар дагы азыртан эле өз жолдору менен бийликтин ишенимине киргенге далалат кылып жатат. Алар “Кыргызстандан” ашып, бийликтин сүймөнчүгүнө айлана алса, сөзсүз Исаевди партиясы менен четке сүрүп чыкканга мүмкүнчүлүк алат.

Биздеги шайлоодо түндүктүн-түштуктүн партиясы деген оюн ойнолот. Аны бир дагы саясатчы токтото албайт, буга чейин да токтото алган эмес. “Кыргызстан” бийликти колдогон түндүктөн чыккан партия катары шайлоого барышы дагы арсар. Анткени,“Улуу Журт” деген партия эмитен эле бийликтин тундүкгөн чыккан партиясы катары коомчулукта кеңири оозго алынып, ага Медеткан Шеримкулов баштаган лөктөр жыйналганы маалым. Андыктан, Канат баштаган “Кыргызстан” жеке өзүбүз кыр ашабыз десе, канаты кайрылышы толук мүмкүн. Бул партиянын парламентке келиши, лидерлеринин бийликке кылган мамилесинен көз каранды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: