Menu

Видео – Ташманбет Кененсариев, профессор: “1876-жылы Россия Түштүк Кыргызстанды басып алганга чейин кыргыз-өзбек кагылышуусу болгон эмес, “сартия” экономиканы, көчмөндөр мамлекетти башкарышкан”

Бөлүшүү:

“2010-жылдагы июнь окуялары тууралу айтардан мурун 1990-жылдагы июнь окуяларын кошо айтышыбыз керек. Анткени экөөнүн себеби, тамыры, келип чыгышы, жалпы эле жаратылышы бирдей”, – деп билдирди бүгүн, 10-июнда тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев 2010-жылдын июнь окуялары боюнча маек берип жатып.

“Мунун түпкү тамырлары XIX кылымдагы 1876-жылы Түштүк Кыргызстандын Орусияга кошулушунан башталат. Ага чейинки бул чөлкөмдөгү мамлекеттерде, мисалы, Кокон хандыгында жана андан мурунку мамлекеттерде Фергана өрөөнүндө, компакттуу аймакта эки түрдүү калк жашайт: “илатия” деп коёт – бул көчмөндөр жана “сартия” деп коёт – бул отурукташкан калк. Анан булар экөө экономикалык, саясий, согуштук жана маданий чөйрөлөрдү бүт бөлүштүрүп алган да кадимден келаткан тең салмактуулук болуп келген. Мисалы үчүн мамлекетти башкарган, мамлекетте саясат жүргүзгөндөрдүн башында көчмөн кландар, ал эми экономикалык жана соода бул отурукташкан калктын катмарында болгон. Мына ушул бири-бирине болгон көз карандылык буларды эч убакта бири-бирине карама-каршы койгон эмес. Ал мезгилдерде жалаң династиялык гана согуштар болгон, бирок этнос аралык согуш болгон эмес. Мына ушунун баары орустар кыргыздарды басып алгандан кийин пайда болду. Анткени баарына бирдей закондор кабыл алынды. Бардыгы отурукташууга өттү. Анан жер талаш, суу талаш башталды. Территорияларды бөлүштүрүү башталды. Баягы волосттук башкарууларды, уезддерди бөлгөндү, кийин советтик мезгилде, 1920-жылдан башталган жер-суу реформалары, 1924-жылкы улуттук-чек аралык жиктештирүү, ошол процесстер көп жерлердин, айрыкча аралаш жашаган жерлер же Өзбекстандын же Кыргызстандын карамагында калып калып, мына ошондон чыккан саясый карама-каршылык, араздашуу 1990-жылкы июнь окуяларына алып келди”, – деди профессор Кененсариев.

“Ал эми 2010-жылы болсо ошол 1990-жылкы өзбек диаспорасынын ишке ашырылбай калган максаттарын кайрадан ишке ашыруу аракети болгон. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийинки абалдан пайдаланып, өзбек диаспорасынын чыгаан атуулдары өзбектерге автономия алабыз деген максатта аракеттенишкендиктен бул жаңжал келип чыкты. Эки жаңжалдын тең түпкү тамыры ушунда жатат. Бул албетте жаман нерсе. Мындай окуялар дайыма өлкө экономикалык жана суверендүү саясат, маданият жагынан начар абалга келгенде чыгат. Ал эми мамлекет өнүкккөн мезгилде, бизнес бардык жерди камтып, рыноктук шарт бүт баарын башкарып, эл цивилизациялуу башкаруу менен жашап калган мезгилде – бул өзүнөн-өзү жоголо турган нерсе.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: