Menu

Оппозиция ойгонду. Мадумаров, Кулов жана Жолдошевалар биригип, коалиция түзгөнүн жарыялашты

Бөлүшүү:

Көптөн бери уйкуда жаткан оппозия ойгонуп, президенттик шайлоонун камын көрө баштады. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында үч партиянын лидерлери “баш кошуп”, коалиция түзгөнүн жар салышты. Алар – “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” жана “Аалам” партиялары. Аталган партиялардын лидерлери Адахан Мадумаров, Феликс Кулов жана Жылдызкан Жолдошевалар мурдагы шайлоолор таза өтпөй, ыплас ыкмалар колдонулганын айтышып, келе жаткан президенттик шайлоодо добуштарды өзү эсептеген урналарды орнотуу керектигин белгилешти.

Ал эми президенттике талапкер катары Адахан Мадумаровдун аттанаары айкын болду. Феликс Кулов болсо коалиция президенттикке бир талапкерди көрсөтүү үчүн түзүлбөгөнүн, ар ким өз алдынча чечим кабыл алаарына токтолду. Бирок, өзү президенттик жарышка чыгууга кызыгуусу жок экенин айтты. “Мен президенттик-парламенттик башкарууну эмес, парламенттик башкарууну колдойм. Андыктан азыркы башкаруу системасында шайлоого баруу мен үчүн кызыксыз”, – деди Кулов.

Ал эми “Аалам” партиясынын лидери Жылдызкан Жолдошева эгер президенттик шайлоо таза жана ачык өтсө Кыргызстандын келечеги үчүн пайдалуу болорун билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: