“Республика” партиясынын штабынын жетекчиси суракка чакырылды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-сентябрда саат 13: 00дө Кадамжай шаарындагы Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө «Республика» партиясынын мүчөлөрү жыйын өткөрүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда, аталган партиянын штаб башчысы К.М., жарандарга акча тараткан.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Добуштарды сатып алуу” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
“Учурда штабдын башчысы тергөө органдарында сурак берүүдө”, – деп белгиледи милициядан.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда видеотасма тараган. Анда “Республика” партиясынын өкүлү белгисиз аялдарга акча берет. Андан кийин ага милиция кызматкери барып, түшүндүрмө сурайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ