Кыргызстанда март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин пневмониядан 54 адам каза болду. Анын арасында 48и Бишкек шаарында катталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, ушул убакыт аралыгында пневмония менен ооруган 1 миң 145 учур катталган.
“564 адам айыгып, учурда 525 бейтап ооруканаларда жатат. Анын ичинен Бишкекте 408 адам ” – деп билдирди Сабиржан Абдикаримов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ