Menu

Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев: “Ольга Лаврова жасаганды бир кыргыз жасаган жок”

Бөлүшүү:

4-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тартылган С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазова, Ж.Назаров, Т.Бримкулов үстүнөн сот иши уланып жатат.

Сурак берип жаткан Ж.Сатыбалдиевден жактоочу кредиттин акча каражаты кайда болгонун, алар Кытайдан чыгышы мүмкүн беле? – деген суроосуна, ал Каржы министрлигинин Эксимбантагы эсебинде болгонун айтты. О.Лаврованын жактоочусу мурдагы каржы министри премьер-министрге жагынып, кошомат кылганы боюнча сурады эле, Ж.Сатыбалдиев: “Ольга Владимировна каржы министри болгусу келбей жатып, араң көндүргөнбүз. Эч кимге кошомат кылган эмес. Ал жасаганды бир да кыргыз жасаган жок”, – деп жиберди.

Прокурор: “TBEA компаниясы подрядчик катары тандалды беле жана өкмөттүн ролу кандай болгон?” – деп сурады.

“Подрядчик ШОСтун жеңилдетилген кредит берүү регламенти боюнча гана ишке ашкан. Экинчиден, аны тандоо узак мөөнөт бою көптөгөн компанияларды изилдөө жүрүп, анан тандалган”, – деди экс-премьер. Ушуну менен Ж.Сатыбалдиевге карата жүргүзүлгөн сурак соңуна чыкты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: