“Kyrgyz lads” коомдук кыймылы, таза шайлоо өнөктүгүнүн алкагында, өз добуштарын сатпоо чакырыгы менен колго жасалган баннерлерди илишти.
Уюштуруучулардын айтымында, алар Байтик Баатыр жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги Лев Толстой көчөсүнүн боюна жайгашкан үч көпүрөгө, ошондой эле Ч.Айтматов проспектисине баннерлерди илишкен.
Баннерлерге “Сатылба”, “Саткын болбо” жана “Эркиндиктин баасы 1000-5000 сом” деп жазышкан.
Бирок, 21-сентябрда саат 07:30 чамасында баннерлер жок болгон.
Акцияны уюштуруучулардын биринин айтымында, Ч.Айтматов көчөсүндөгү көпүрөдөгү баннерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери алып салган болушу мүмкүн. Калган баннерлерди ким алып салганы белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ