Menu

Премьер-министр Сапар Исаков «Physee» инновациялык өнөр жай компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында «Physee» (Нидерланды) айнек компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айнек өнөр жайындагы биргелешкен кызматташтыктын, ошондой эле инновацияларды киргизүү жана энергиянын альтернативдик булактарын алга жылдыруу келечектери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө.

«Physee» компаниясы Өкмөт башчыга өз инвестициялык мүмкүндүктөрү, ошондой эле инновациялык продуктулары тууралуу айтып берди. Буга байланыштуу Сапар Исаков өндүрүшкө инвестициялоо мүмкүндүгүн кароо максатында айнек чыгаруучу завод Интергласс ЖЧК менен жолугушуу уюштурууну сунуштады.

Сапар Исаковдун айтымында, атамекендик айнек өнөр жайынын экспорттук потенциалын жана атаандаштыгын жогорулатуу үчүн өндүрүштө жаңы санариптик технологияларды киргизүү зарыл, буга байланыштуу «Physee» сыяктуу ири компаниянын тажрыйбасы жана инвестициялары өлкө экономикасы үчүн абдан пайдалуу болоор эле.

«Physee» күндүн жарыгын электр энергиясына айландыруучу тунук терезелерди өндүрүүчү инновациялык компания болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: