Menu

Адамдын көзү анын мүнөзүн аныктап турат

Бөлүшүү:

Сүйлөгөн сөзү, жашоосу, басуусу, жүзү, жактырган түсү адам жана анын мүнөзү тууралуу көп маалымат берет. Булардын ичинен эң алдыда тургандарынын бири көз болуп саналат. Ошон үчүн адистер көздү “жан дүйнөнүн күзгүсү” деп аташат.

Кара көз

Кара түстүү көздүн ээси энергетикалык жактан күчтүү делип айтылат. Ал кандай кырдаал болбосун жашоого туруштук берет жана токтоо эмес мүнөзгө ээ болот. Жумушта жана карьерада кесиптештеринен демилгечилдиги менен айырмаланат. Ошондой эле кара көз сүйүүгө, романтикага, сезимге салыштырмалуу түрдө жеңилирээк карайт. Бирок, мындай адам иште ийгиликти көбүрөөк жаратып, анын жолунда тоскоолдук деген аз кездешет. Кээде кара өңдүү көздүн ээси өзүн ашыкча жолдуу сезип, көңүл коштуктан улам улуу жеңиш менен бийик даражадан кур калышы ыктымал. Көп учурда шашылыш жана туура эмес чечим кабылдап коюуга жакын.

Жашыл көз

Жашыл көздүү адамдын кулк-мүнөзү жалпы жонунан кырс болот. Мунун ичинде чыдамдуулук, туруктуулук, бекемдик, принципиалдуулук жана максатка жете билүүчүлүк катылган. Тилекке каршы, мындай кишиге табигый энергия менен күч жетишсиз. Ушундан улам жашыл түстүү көздүн ээси жумушта жана карьерада көп учурда лидерликке жете бербейт. Антпеген менен жамаатта ар дайым сыйга татып, өз ишинин профессионалы болот. Сүйүүдө жана жеке жашоодо сырдуу, уяң келип, өнөктөшүнө кылдат жана үстүртөн мамиле жасайт. Достукка, сөз менен сырга абдан бек. Анын ишеничине кирүү кыйын жана ал жаман мамиле жасаган адамды эч убакта кечире албайт.

Жаңгак түстүү көз

Кой көзгө коошуп, бирок, ага толук кошулбаган түскө ээ болгондо көздү жаңгак түстүү деп карашат. Мындай адам табиятынан чечкинсиз, жабык жана уялчаак келет. Ал өзү жалгыз өзү үчүн куруп алган кыялдуу жашоодо күн кечирүүдөн ырахат алат. Жумушта дайыма жалкоо жана пассивдүү. Мындан улам данектей акылы бар мээсин колдоно албай, асманда учуп жүрө берет. Сырткы тартынчаактыгына, жумшактыгына карабай ичинде ал бардык нерсени ойдогудай аткарып жүргөндөй сезет. Сүйүүдө жана деги эле үй-бүлөлүк жашоодо жоопкерчилик дегенди билбейт. Ошол эле маалда курчаган адамдарга кымындай терс таасирин тийгизбейт. Бирок, жаңгак түстүү көздүн ээси назик көңүлдүү келет.

Кой көз

Активдүү, күчтүү, энергиялуу жана чыныгы реалдуу адам. Жашоодо кой көздүн ээси бир гана кумар тартуулоочу көрүнүштөргө уттурушу мүмкүн жана бул жаатта өзү дагы
сезимтал, темпераменттүү, сексуалдуу. Ошентсе да ал ар дайым кайсы бир бийиктикти багынтууну көздөп жашайт. Жетекчиликке, башкармалыкка жана лидерликке таандык болгон бардык сапаттар кой көз адамда бар. Ошон үчүн ал дайыма жана баарынан «биринчи» болууну жактырат. Иши жүрүшпөгөн жагдайда андан урушчаак, андан кырс адам жок калат. Таарынычты ичинде сактабайт. Жаман жери, кой көздүн ээси аны курчагандарга бирдей мамиле кылууну билбейт. Тагыраак айтканда, жакканга жакшы, жакпаганга жаман карайт. Үй-бүлөлүк жашоодо туруктуу көрүнгөнү менен көп учурда акылга сыйбаган көрүнүштөрдү жасайт.

Көк көз

Болгон дүйнөсү сезимтал, эмоционалдуу, жагымдуу, романтикалуу жана кырс болот. Дайыма сүйүп жана сүйүлүп жашаганды жактырат. Жаман жагы, кызганчаактыктын айынан көк өңдүү көздүн ээси өнөктөшүнөн көп нерсени талап кыла берет. Көк түс өзүнө муздак менен бышканды камтып тургандай сезилгендиктен, мындай көздүү адамга урушчаактык сапат дагы таандык. Жумушта ал жеке оюна таянып адилеттүүлүктү, чындыкты издөөдөн тажабайт. А өзү болсо эч бир ишти өтөөсүнө чыгара жасабайт. Жакпаган адам менен согушту узак убакытка чейин жүргүзөт. Лидерлик кызматтарга жете бербейт, бирок, бир жетсе көпкө жана бекем отурат.

Сары көз

Көзүнөн нур сымал сары чачыраган адам табиятынан табышмактуу мүнөзгө ээ болот. Адистер ага «оригинал» деп баа беришет. Муну жөнөкөй сөз менен адамдын жакшысы же боорукер деп түшүнсө болот. Сары түстүү көздүн ээси үйгө жылуулук тартуулаганды жакшы билет. Ага баш байлаган адам чексиз бактылуу жашоодо жашайт. Достукту баалай билгендиктен, ал сырга жана сөзгө бек келет. Тыйындын эки жагы болгон сыяктуу эле мындай кишинин дагы терс сапаттары бар. Аларга анын ашыкча эмоционалдуулугун жана кырстыгын мисал кылса болот. Ошондой эле көзүнүн өңү сары болгон адамды бирөөгө баш ийүүнү жакшы көрбөйт деп мүнөздөсө жарашат. Анткени, ал өзүнүн жеке акылына гана ишенет.

Боз көз

Эмгекчил адамдын көзү көп учурда боз келет. Ал акылдуу, ойчул, реалдуу, уюту жана сабырдуу болот. Мындай адамды илимдин тили менен «интеллектуал» деп атап койсо жарашат. Боз түстүү көздүн ээси кишиге эч убакта жамандык каалабайт жана кылбайт. Ал эми сүйүүдө ал бир аз муздагыраак келип, сезимди баалай бербейт. Буга мындай адамдын ички энергиясынын жана эмоциясынын кургагыраак болушу себеп. Жумушта жамаат аны чыныгы уюштургуч, кеңеш бергич, жардамчы катары баалайт. Жакшысы, бул адамда эрктүүлүк менен чынчылдык салыштырмалуу түрдө жакшы өөрчүгөн. Буга байланыштуу, ал калп айтууну жана жаман жоруктарга барууну жакшы көрө бербейт.

Көгүш көз

Көзүнүн түсү көгүш болгон адам жашоодо чыныгы романтик жана кыялкеч болот. Бир аз кырс жасалган мамилени ал көтөрө албайт. Андыктан, стресске жана депрессияга туруштук берүүдө алсыз. Ошол эле маалда өзү башкага жумшак мамиле кылууну жакшы өздөштүргөн эмес. Муну адистер көгүш түстүн муздай муздактык менен айкалышып кетишине негиз кылышат. Мындай адам сүйүүдө туруксуз келип, сол жакка көбүрөөк басат. Бирок, үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болот. Карьерада каалаган бийиктикти каалагандай жол менен багынтып алат. Жакшы жагы, көгүш көздүү адамдардан таланттуулар көп чыгат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: