Menu

Бишкекте судьялар үчүн тренинг өтүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби 2016-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Орхусс конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдарын колдонуу» деген аталыштагы тренинг өткөрүүдө.

Тренингдин максаты Кыргыз Республикасынын судьяларынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароодо Орхусс конвенциясынын ченемдерин колдонуу маселелери боюнча дараметин жогорулатуу.

Иш-чаранын тренерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы – Дилара Арстанбаева, Болтобаева Венера – «Укук жана бизнестин өнүгүү фонду» (LBD Consulting) Коомдук фондунун укуктук эксперти, адвокат.

Тренингдин ишине Бишкек шаардык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас областтык сотторунунадминистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын, Бишкек шаардык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын райондор аралык сотторунун 16 судьясы жана сот аппараттарынын административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын ишин камсыздоо бөлүмдөрүнүн 9 мамлекеттик кызматкери катышууда.

Окутуу Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун колдоосу менен өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: