Улан Исраиловдун министрликке секирик жасашы менен ИИМ тутумунда кадрдык өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө. Исраиловдун УКМКдагы бошогон ордуна ИИМ орун басары Данияр Абдыкаров бараары күбүр-шыбыр кепке айланды. «Бител» боюнча артындагы шакмарынан арылбаган Данияр Абдыкаров коррупцияга каршы кантип күрөш жүргүзөт? Бул жагы нонсенс болуп калбайбы? Даниярдын бошочу орунуна Бишкек ШИИББ башчысы Самат Курманкулов барары каңкууланса, баш калаанын башкы МЕНТтигине генерал-майор Кашкар Жунушалиев коноорун Акүйдөгү өздүк булактарыбыз кабарлашты. Самат Курманкулов го жылмаланып ишти тартып кетеринен шекжок, берки Даниярдын коррупцияга каршы күрөш ачаары күлкүнү келтирбейби? Байкаш керек го бул жагын…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ