Menu

Асия Тулесова укук коргоочуларды бошотууга чакырган эл аралык кампанияга киргизилди

Бөлүшүү:

Казакстанда активист Асия Тулесова камактагы укук коргоочуларды бошотуу боюнча эл аралык өнөктүккө кошулду.

Эл аралык CIVICUS уюму Stand As My Witness («Менин күбөм бол») өнөктүгүнүн алкагында каалоочуларды Тулесованы бошотуу чакырыгы менен казак бийлигине кат жазууга үндөөдө.

2019-жылы октябрда уюм Казакстанды жигердүү жарандык позициясы бар кишилерди куугунтуктаган өлкөлөрдүн бешилтигине киргизген. Тизмеде Кытай, Египет, Колумбия жана Гвинея да бар.

Казакстан бийлиги жарандык активист Асия Тулесованы 6-июнда өткөн митинг учурунда полиция кызматкерине «акарат келтирген», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон» деп айыптап жатат. 7-июлда Алматы шаарынын Медеу райондук соту жарандык активисттин ишин карап, аны күрөөгө бошотуудан баш тарткан.

Тулесова митинг маалында полициячылардын биринин шапкесин чаап жиберген. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айткан.

10-июнда сот Тулесованы он күнгө убактылуу тергөө абагына камаган. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: