Menu

Икрамов+Рысбаев=караңгылатуу

Бөлүшүү:

Акыркы учурларда Кыргызстандын мыйзам чыгаруу бийлиги болгон Жогорку Кеңеште кызыктай көрүнүштөр аябай эле көбөйүп кетти. Алардын жоруктарын айта берип маалымат каражаттары эле эмес, эл дагы тажап бүтүштү окшойт. Жакында ошол «депутаттарыбыз» Өкмөткө ушундай бир сунушту жөнөтүштү дейсиң. Тагыраагы, Тазабек Икрамов менен Кожобек Рыспаев дегендердин акылынан жаралган ал сунушта авто унаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу керек экени айтылат. Мындай сунуштун авторлорунун бири Т. Икрамовдун пикиринде «мен караңгылатууга 200 доллардан 500 долларга чейинки өлчөмдөгү бааны сунуш кылам. Бирок Кытайдын жаман караңгылаткычына эмес, Американын жакшы караңгылаткычтарын гана чаптоо керек» дейт. Американыкы же Кытайдыкы экенин ким көзөмөлдөйт десең? Андан башка да килейген маселелерди көзөмөлдөй албай атсак. Ошондой эле Т. Икрамов «караңгылатуудан түшкөн акчага өлкөнүн гидроэлекгр станцияларын ондош керек. Антпесе Жол коопсуздук кыймылынын башкармалыгы түшкөн акчаларды кайда жумшап жаткандыгы белгисиз. Ушинтсек, жок дегенде бир нерсеге пайда болот» дейт. Ал эми өмүр бою ички иштер министирлигинде иштеген депутат Зарылбек Рысалиев мындай сунушка такыр эле каршы экенин айтып, автомашинанын терезелерин караңгылатуудан зыяндан башка эч кандай жакшы нерсени көрбөй турганын айтууда. Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча адистер да машиненин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу уруксат берүү жолдогу
өлүм-житим менен кырсыктын көбөйүшүнө түрткү болушу мүмкүн экенин, андайда караңгыга жана аба ырайы жаман болуп турган учурларында дээрлик эч нерсе көрүнбөй калаарын айтышууда.

Алар караңгылатып алгандарга айып пулду көбөйтүп, бирок, уруксат бербеш керек дешүүдө. Ал эми болбой эле караңгылатып жүргөндөрдү Жол коопсуздугу кыймылынын башкармалыгынын көзөмөлдөөгө толук мүмкүнчүлүктөрү жетет деп эсептешет. Эң жакшысы, мурдагы мыйзамды өз күчүндө эле калтырып, төрт гана кишиге: президентке, Жогорку Кеңештин спикерине, премьер-министрге жана Жогорку соттун башчысына гана уруксат берилсе жалпы коомчулуктун коопсуздугу үчүн жакшы гана натыйжа болмок дешүүдө.

Алтынай Бакирова
Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: