Menu

Cөз эркиндигин коргоо комитети 28-мартта КТРКнын алдында 500 адам катышкан нааразычылык акциясын өткөрөт

Бөлүшүү:

Cөз эркиндигин коргоо комитети 28-мартта КТРКнын алдында 500 адам катышкан нааразычылык акциясын өткөрөт. Акция Кыргызстандагы Атамбаевдик бийликти сындаган жарандарды, саясый оппоненттерин бийлик КТРК аркылуу каралоо, жалаа жабуу  аракеттерине каршы болот”, – деп билдирди бүгүн, 21-февралда Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору Адил Турдукулов.

“Бүгүн биз бул тууралу комитеттин атынан Бишкек шаарынын мэриясына, шаардык милицияга атайын билдирүү жөнөттүк. Атамбаевдик бийлик коомдук телеканал КТРКны өз менчигиндей пайдаланып, бийликке сын же каяша айткан кыргызстандыктар тууралу калп, ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышууда. Мындай каралоолор жана жалаа жабуулар Атамбаевдин учурунда гана массалык мүнөзгө ээ болду. Биз коомдук телеканал КТРКны бийликтеги бир ууч кландын кызыкчылыгына пайдаланууга каршыбыз. КТРК жалпы кыргыз элине кызмат кылыш керек. Ал эми КТРКны бийликтин кошоматчылары эмес, кыргызстандыктар үчүн калыс кызмат кылган жаш патриоттор башкарышы зарыл”, – деди Адил Турдукулов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: