Menu

Бишкекте Англиядагы “Чатем хаус” сыяктуу жабык саясый дикуссиялык клуб пайда болду

Бөлүшүү:

“Кыргызды беш бармак менен сыйлап жатсаң да баары бир саясат менен экономиканы сөз кылып кирет. Бишкекте да Англиядагы “Чатем хаус” сыяктуу жабык саясый дискуссиялык клуб ачылды. Кыргыздардын клубу да жабык эшик артында жыйын өткөрөт. Албетте бул клубдун ачылышында да менин досум Равшан Жээнбековдун салымы бар”, – деп жазды бүгүн, 13-августта белгилүү журналист Кабай Карабеков өзүнүн фейсбук баракчасында.

Чын эле андай жабык саясый клуб түзүлүп, ага таанымал саясый технологдор, аналитиктер менен саясат таанучулар, экс-депутаттар менен экс-министрлер чогулушканын билдик. Клуб өз жыйындарын жабык өткөрөт. Анын мүчөлөрүнүн атын коомчулукка атоого бири-бирине тыюу салынган. Клубда талкууланган маселелерди кең-кесири жарыялоого да болбойт экен. Клубдун мүчөлөрүнө клубдун атынан сүйлөөгө да тыюу салынган. Кыскасы баары эле жабык. Бирок биринчи жыйында бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигининин бүгүнкү абалы, эртеңи жана келечек тагдыры талкууланган. Жээнбеков кабыла турган тобокелчиликтер жана анын чиеленип өнүгүү версиялары “мозговой штурмга” алынган.

Бирок бул саясый дискуссиялык клубдун продукттарынан бүгүнкү бийлик пайдаланабы же ага оппозиция болгон атамабаевчил күчтөр пайдаланабы белгисиз бойдон калды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: