Menu

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин Башкы катчысы алмашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешине мүчө мамлекеттер башчыларынын Саммитинде мамлекеттик ишмер, дипломат, Казакстан Республикасынын  Премьер-министринин кеңешчиси Багдад Амреевди Түрк кеңешинин Башкы катчысы кызматына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды, – деп президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы Башкы катчы Рамил Хасанга акыркы 4 жыл ичиндеги активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди жана анын Түрк кеңешинин аброюн көтөрүү, тийиштүү деңгээлде уюмдун кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттерине жогору баа берди.

Багдад Амреевге Сооронбай Жээнбеков жана башка мамлекеттер башчылары жаңы кызматында чоң ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: