Menu

Фото – “Экөө мурда кызыл жана ак шарап ичип дос болушкан”. Соцтармактарда эки экс-президенттин достугун эстешти

Бөлүшүү:

Кыргызстандын эки экс-президенти, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун эки рюмка көтөрүп, коньяк ичип жатышкан сүрөтү социалдык тармактарда тарап талкууга түштү. Колдонуучулардын айтымында, алар мурда “кызыл коньяк жана ак арак ичип” дос болушкан. Бул тамашага 2018-жылы тилин укпай, башкартпай койгон досу Жээнбековду “ал агынан мен кызылынан ичебиз” деп жамандаган Атамбаевдин сөздөрү себепчи болууда. Көрсө экөөсү тең эле кызылынан ичишет турбайбы.

Сүрөттө Алмаз Атамбаевдин үйүнө мейманга келген Жээнбеков жана алардын жубайлары дасторкон үстүндө чагылдырылган.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрь айынын ортосунда кызматтан кеткен. Анын ордуна убактылуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров келген. Ошондой эле, ушул жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантты. Анда Алмазбек Атамбаев соттон Кой-Таш окуялары боюнча айыпталгандарды бошотууну суранган. Ага чейин ал коррупциялык жол кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз түрмөдөн бошоткону үчүн 11 жылга кесилип, жазасын өтөө үчүн түрмөгө которулган.

Ал эми бул экинчи сүрөт: “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген журналисттик иликтөөдө аткезчилик чийимдердин башында турган адам катары аталган Хабибулла Абдукадыр менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жубайы Раиса Атамбаеванын чогуу түшкөн сүрөтү.

Бул эки сүрөттү салыштырып караганда көптөгөн окшоштуктарды байкасак болот. Алсак (Алмазбек Атамбаевдин кийип турган көйнөгү, жубайы Раиса Атамбаеванын тагынган бижутериясы, жана бөлмөнүн окшоштугу).

     

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: