Menu

Эмилбек Момунов, “Fars news” агенттигинин Борбор Азия, Казакстан жана Россия боюнча өкүлчүлүгүнүн редактору: “Өзбекстандын “темир дарбазасынын” ачылышы – тарыхый окуя”

Бөлүшүү:

– Өзбекстандын Кыргызстанга кучак жайган саясатынын артында эмне бар? Алар жакшы мамилени чын ниетинен жасап жатабы?

 

– Чындыгында 1-октябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын, кыргыз-өзбек элдеринин кызматташтыгынын жаңы доору башталды. Анткени Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарын айтпаганда да, акыркы он жылда кошуна мамлекеттеги режимден улам кылымдардан бери базары, мазары бир болуп, кудак-сөөк катары катташып келаткан эки өлкөнүн элдеринин карым-катнашы кан буугандай токтоп калган болчу. Андан алар да, биз да утканыбыз жок. Болгону соода-сатыгы токтогон карапайым эл көбүрөөк жабыркады. Бир чети акыркы чейрек кылымдагы эки ирет кайталанган Ош коогалаңы да арабызды бир топ алыстатып койду.

Бирок эч кайсы режим түбөлүктүү эместигин жана боордош элдер менен кошуна мамлекеттердин достук мамилесин, соода-сатыгын күч менен жасалма түрдө түбөлүк ооздуктап коюуга мүмкүн эместигин, ал кыянаттык эртеби-кечпи кумдагы сепилдей урап түшөрүн тарых тастыктады. Ооба, биз Өзбекстандын газына, Мырза-Чөлдүн ширин коонуна кандай муктаж болсок, алар биздин суубуз менен даамдуу этибизге ошончолук көз каранды. Андыктан чек араларыбыздан соода-сатык денедеги кандай айланып турушу керек. Мен бала кезимде Өзбекстанга Лейлек району жакын болгондуктан базар күнү тойлорго кийим-кече сатып алганда Фергана, Кокон, Ташкендин базарларына чейин барчубуз.

Азыр 4-декабрда шайланып калышы мүмкүн деп күтүлүп жаткан учурдагы Өзбекстандын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Ш. Мирзиёевдин кыргыздарга көңүлү түз экендигин да кошумчалап кетким келет. Анткени  кыргыздар көп жашаган Жизак облусунан болот жана бала чагынан кыргыздар менен коюн-колтук алышып жашаган. Бул сөзүмдү ошол кыргыз делегациясын тосуп алган  Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахмановдун бул сөздөрү далилдеп турат: – Урматтуу бир тууган кыргыз боордоштор, достор! Ынтымакты, достукту бекем туткан Анжиянга куш келипсиздер!

Мына бүгүн эртеден бери учурашып, баарлашып, аңгемелешип жатып, биз бири-бирибизди абдан сагынганыбызды түшүнүп жатабыз. Биз бири-бирибиз менен мамилебизди өтө бекемдешибиз керек экендигин аңдап жатабыз. Ушул биримдигибизге эч качан көз тийбесин! Арабыздагы мээрбандык, бурадарчылык, аке-үкөчүлүк ымалабыз эч качан эч бирибизден кетпесин. Урматтуу премьер-министрибиз жана президенттин милдетин аткаруучу Мирзиёев Шавкат Миромонович, бүгүн эртең менен телефондон сүйлөшкөнүбүздө да “кыргыз боордошторду өтө жылуу, жарык жүз жана ачык-айкындык менен тосуп алгын” деп эскертти. “Кыргызстандын облус жетекчилери, акимдер менен учурашканда биринчи жолу көрүшүп жатсаң да аке-үкөдөй болуп көрүшкүн” деп айтты. Буюрса, бүгүнкү күн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени бекемдей турган күн болуп калат”.

Өзбекстандын азыркы бийлиги  И.Каримов түптөгөн режимди жумшартканга аракет кыла баштады. Кыргызстан жана Тажикстан менен өз ара алакасын чыңдоо иши жүрүп жатат. Кыргызстанга кучак жайганынын  артында эч кандай саясат жок. Болгону кошуна болгондон кийин тууган урук катташы, соода-сатык алакасынан элге болгон камкордук десек болот.

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: