16-августта Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов 19 жаштагы кызынын туулган күнүнө кече уюштурду.
Күндүз аткаминердин хансарайынын бассейнинин алдында башталган салтанат кечке чейин уланган. Кечеге Ташкенттен ырчы Муниса Ризаева жана башка артисттер чакырылган.
Бул кечедеги сүрөттөрдү жана видеолорду ырчы Муниса Ризаева “Инстаграмдагы” баракчасына жарыялады.
Соцтармактарда тараган сүрөт-видеолорго караганда, Шухрат Абдурахманов кенже кызына Gentra үлгүсүндөгү жаңы автоунаа тартуулаган. Бул машине «Узавтосаноат» компаниясынын салондорунда 13,5 миң доллар турат.
Өзбекстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы депутаттын жана сенатордун маянасы 1 млн 560 миң 413 сумду (150 доллардын тегереги), облус акиминики – 1 млн 899 миң 783 сумду (190 доллар) түзгөн.
Ачык булактарда 2013-жылдан бери Анжиян облусун башкарган Шухрат Абдурахмановдун бизнес менен алектенгени тууралуу маалымат жок.
Жергиликтүү басылмалар Муниса Ризаева үйлөнүү тойлоруна жана башка салтанаттарда ырдаганы үчүн 4-5 миң доллар аларын жазып жүрүшөт.
Катардагы анжияндыктар карантин маалында шаан-шөкөттүү кече өткөргөнү үчүн облус башчысын сынга алышууда.
Шухрат Абдурахманов кол алдындагыларга жасаган орой мамилеси жана “марттыгы” менен белгилүү. 20-июлда коронавируска каршы күрөшүүгө арналган брифинг алдында ал журналисттердин ар бирине 5 миллион сумдан (500 доллардын тегереги) тараткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ