Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Президент коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?

– Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү кечээки шайлоодо анын жеңишин камсыз кылган өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек. Үгүт иштерине чачылган эбегейсиз акча каражаттарын алар айлыктын эсебинен эле чогулткан жок да. Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөргө мен олуттуу деле карагым келбейт. Бул шоунун бир элементи. Президент мындай катуу сөз сүйлөгөнү менен бир да адамды кызматынан алган жок. Ал болгону эле эл ичинде айтылып жүргөн сөздөрдү кайталап койду: күч органдарына ишенич жок… Бирок, Сооронбай Жээнбеков эч кандай аракет жасабады. “Жакшы ит үрбөйт, ал тиштейт”- деген сөз бар эле… Коррупционерлер жөнүндө кыйкырып, сөгүнүп, сүйлөп олтуруштун кереги жок. Аларды эч эскертүүсүз эле жок кылыш керек.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: